VI чакырылышынын ХYI сессиясынын ТОКТОМУ № ХYI/ I

toktom-shapka

(VI чакырылышынын ХYI сессиясы )

 ТОКТОМ № ХYI/ I

30-март.  2015-жыл                                                                Жылан-Арык айылы.                                                                                                       

Сары-Ой айыл  аймагынын  айыл өкмөтүнүн

2014-жылдын  II-жарым жылдыгында аткарган  

иши жөнүндө

 

Инвестиция тартуу багытында 2014-жылга карата  3 долбоор киргизилген, мунун ичинен айылдагы суу топтоочу бассейнди, ТХ -1 каналынын ремонту, К.Жусупов атындагы орто мектептин үстүнкү чатырын алмашуу,спорт зал куру боюнча долбоорлор киргизилген. Бүгүнкү күндө суу топтоочу бассейнди ТХ-1 каналынын долбоору жактырылып, тендер өтүп  жалпы суммасы 3 455 902 сом суммасында жумуш  аткарылды.Бириккен Улуттар Уюмунун  Бүткүл Дүйнөлүк Азык-Түлүк  коопсуздугу программасынын  «Эмгек үчүн азык-түлүк» долбоорунун алкагында иш алып барылып, айылдан жардамга муктаж деп табылган 70 жаран долбоорго кирген арык,каналдарды тазалап оңдоп, иштеген эмгек акысына 21254кг ун, 2178литр суу май алышты. 844530 сом

Ошондой эле «Онугуу» сясий партиясын эксковатору менен БСРдин ичин Сары-коого чейин жэр каналды кастырып тазалоо жумуштары 80 000сомго буткорулду.

Жеке ишкер Көлбаев Сагынбек Сары-Ой айылына «Пескоблок» чыгарган станок 145 миң сомго сатып келип иштетип жатат. Жогорудагыларды белгилеп Сары-Ой айыл

аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ: 

1.Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жакыповдун билдирүүсү  эске     алынсын.

2.Айыл ичиндеги К.Кошалиев көчөсүнө шагыл төктүрүүнү 2015-жылдын 1-июнуна карата бүткөрүү  айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жакыповга тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышына көзөмөл  кылуу туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Айылдык Кеңештин  төрагасы:                                                         М.Нааматбеков.

Комментирование запрещено