VI чакырылыштагы Депутаттардын Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын II сессиясы № II / 2 ТОКТОМУ

toktom-shapka

VI чакырылыштагы Депутаттардын Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын II сессиясы

ТОКТОМУ № II / 2

19-январь 2013-жыл                                                          Жылан-Арык айылы

Сары-Ой айылдык аймагынын  айыл өкмөтү жөнүндө  жобосун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Сары-Ой айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатындаСары-Ой айылдык   Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Сары-Ой айылдык аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде  бекитилсин.
  2. Сары-Ой айылдык аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Султаналиевге жүктөлсүн.
  4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн  маалыматтардын жана мамлекеттик кайра  каттоо үчүн тапшырылган документтердеги  маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык  жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылганын ырастаймын.

Сары-Ой айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                         М.Нааматбеков

Комментирование запрещено