VI чакырылыштагы Депутаттардын Сары-Ой айылдык кеңешинин № II — 1 ТОКТОМУ

toktom-shapka

 VI чакырылыштагы Депутаттардын Сары-Ой айылдык кеңешинин  № II — 1 ТОКТОМУ

19-январь 2013-жыл.                                                                  Жылан-Арык айылы.

Сары-Ой айылдык Кеңешинин  Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Сары-Ой айылдык Кеңешинин уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатындаСары-Ой айылдык Кеңеши

                                             ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Сары-Ой айылдык Кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын   «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде     бекитилсин.

2. Сары-Ой айылдык Кеңеши мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасы М.Нааматбековга жүктөлсүн.

4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн  маалыматтардын жана мамлекеттик  каттоо үчүн тапшырылган документтердеги  маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык  жакты  каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылганын ырастаймын.

Сары-Ой айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                        М.Нааматбеков

Комментирование запрещено