Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ № Y 2015-жылдын 23-июну

toktom-shapka

 

Сары-Ой  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңеши

 ТОКТОМ № Y 

Жылан-Арык айылы.                                                     2015-жылдын 23-июну                                                                                                                                                                        Сары-Ой  айыл  аймагынын  Жылан- арык  айылында  2015-жылдын

              26-мартында  өткөн  чогулуштун   №5 токтомун бекитүү жөнүндө

 1.Сары-Ой айыл  аймагынын  Жылан-Арык айылында 2015-жылдын  26-мартында өткөн  чогулуштун  №5 токтому  бекитилсин  жана  аткарууга алынсын (тиркеме тиркелет)тиркеме 1баракта.

2.Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жакыповга тапшырылсын. 

Төрага:                                                                            М.Нааматбеков.


Сары-Ой  айыл  аймагынын  Жылан-арык

айылында  2015жылдын 26-мартында

  өткөн  чогулуштун   №Y/1 токтомуна

 тиркеме    

1.Сугат  иштерин  жүргүзгөн  сугатчыларга төлөнүүчү  эмгек  акы төмөндөгүдөй белгиленсин.

1.Жер сугат 500сом

2.Көп жылдык  чөптүн 1-сугаты  500сом.

  1. Көп жылдык чөптүн 2-сугаты 500сом.

4.Кара сугат  700 сом.

2.Жазгы талаачылык жумуштарына кызмат көрсөткөн трактористерге кардарлар        тарабынан төлөнүүчү кызмат акынын жана кардарлар тарабынан берилүүчү күйүүчү майдын өлчөмү.

1.Дөңгөлөктүү  трактор  менен мурда айдалып жүргөн  айдоо  аянтты  иштетүүгө   кызмат көрсөтсө

1 гектар  жерди айдоо  кызмат көрсөтүү 600 сом,25 литр дистопливо.

1 гектар жерди тырмоо  кызмат көрсөтүү 300 сом,10 литр дистопливо.

1 гектар  жерге арык тартса кызмат көрсөтүү100 сом 3 литр  дистопливо.

1 гектар жерге эгин сепсе 300 сом 10литр дистопливо.

Жалпы баасы:  1300 сом 48литр дистопливо.

Дөңгөлөктүү  трактор менен дың жерди айдаса

1 гектар  жерди  айдоо  кызмат көрсөтүү 700 сом  30 литр дистопливо.

  1. Каз тамандуу трактор менен мурда айдалып жүргөн айдоо аянтты иштетүүгө

    кызмат көрсөтсө

1 гектар жерди айдоо кызмат көрсөтүү 600 сом 30 литр дистопливо.

1 гектар жерди тырмоо кызмат көрсөтүү 300 сом 15 литр дистопливо.

1 гектар жерге арык тартуу кызмат көрсөтүү 100 сом 5 литр дистопливо.

1 гектар жерге эгин сепсе 300 сом 10 литр дистопливо.

Жалпы баасы-1300 сом.60 литр.

Каз тамандуу трактор менен көп жылдык чөптүн аянттын айдаса.

1 гектар жерди айдоо кызмат көрсөтүү 700 сом 30 литр дистопливо.

  1. Косилка КС 2,1менен чөп чаап кызмат көрсөтсө.

1 гектар жердин чөбүн чапса кызмат көрсөтүү 450 сом, 10 литр дистопливо.

1гектар жердин чөбүн тырмоо кызмат көрсөтүү 250 сом 5 литр дистопливо.

1 түк чөптү  таңгактоо кызмат көрсөтүү 6 сом, 10 литр дистопливо.

 4.Германский жатка менен чөп чабуу

1гектар жердин чөбүн чапса кызмат көрсөтүү 800 сом 10литр дистопливо.

 5.Жазгы  талаачылык  жумуштарын  жүргүзүүгө байланыштуу айдоо  аянттарын коруу мөөнөтү, мал баккандардын кызмат  көрсөтүүсү  төмөндөгүдөй белгиленсин.

1.2015-жылдын 1-майынан 1октябрга чейин айдоо аянттарын  коруу иштери уюштурулсун.

  1. 2015-жылдын 1-майынан айыл ичиндеги ири мүйүздүү малдарды кайтаруу боюнча бада уюштурулсун.

3.Жазында орто жайытка көчүү 15-майга,Арпа жайлоосуна көчүү25-июнга, жайлоодон кыштака көчүп келүү 1-октябрга белгиленсин.

4.Жогорудагы чектелген  талаптарды аткарбай мыйзам бузууларга жол берсе КР

административдик  жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык  комиссия тарабынан

айып  салынаары белгиленсин.

6.Мал багып кызмат көрсөткөндөрдүн эмгек  акысы төмөндөгүдөй белгиленсин.

1.1 баш уйду 1ай кайтарса 150 (бир жүз элүү сом)

2.1 баш кой-эчкини 1ай кайтарса 30 (отуз сом)

Чогулуштун төрагасы:                                            Ч.Жакыпов.

 Катчысы:                                                                 Б.Өмүралиев

Комментирование запрещено