Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХYI сессиясынын ТОКТОМУ № ХХYI/I

toktom-shapka

Сары-Ой  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин

                              VI чакырылышынын  кезексиз  XХYI сессиясынын

                                                

                                                  ТОКТОМУ   № ХХYI/I

 

27- май 2016-жыл                                                                                  Жылан-Арык  айылы.

 

 

 

                        Сары-Ой  айыл  аймагынында  мал  кармоо  боюнча  

                                            эрежени  бекитүү  жөнүндө

 

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  ХХYI сессиясы

 

                                           ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.Сары-Ой  айыл  аймагында  мал  кармоо  боюнча  комиссиянын  сунуш  кылган  эрежеси  бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

 

2.Бул  токтомдун  аткарылышына  көзөмөл  кылуу   жагы  туруктуу  комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                      М.Нааматбеков.

 

 

Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарына,Нарын облустук юстиция башкармалыгынаСары-ой айыл өкмөтүнө, туруктуу комиссияга.


 

                                                                                                       «Бекитемин»

                                                                                     Сары-Ой  айыл  аймагынын   айылдык

                                                                               кеңешинин  YI чакырылышынын кезексиз

                                                                                  27.05.2016-жылдагы   ХХYIсессиясынын

                                                                                                                  ХХYI/I токтомуна тиркеме

                                                                                       

                  Сары-Ой  айыл  аймагынын  чегинде  үй  жаныбарларын  багуу  тууралуу

                                                              Эрежеси

Учурдагы кабыл алынып жаткан эреже КРнын «Ветеринария жөнүндө». КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «жайыттар жөнүндө» мыйзамдарына ылайык кабыл  алынып, Сары-Ой айыл аймагында ветеринардык-санитардык коопсуздукту, жарандардын дени  сак болуусу менен үй  жаныбарларынан  жугуштуу оорулардан сактоону жана  жайыт  пайдалануу  планындагы талаптарды аткарууну көздөйт.

                                                    Ит  жана  мышык  жаныбарын  багууда:

Жарандар  жана башка юридикалык  жактар  менчигинин  түрүнө  карабастан  ит  жана мышык  жаныбарын  багууда,Сары-Ой  айыл  өкмөтү  тарабынан  өтүп  жаткан  жылдын 1-                  июнуна чейин  катоодон өткөрүүгө жана жана иттерге  паспорт  алууга  милдеттүү.

Каттоодон өткөрүүдө  вет  адис  катталган  итке  атайын  каттоо  барагын (паспорт) берүү менен, ит  жаныбарынын  өңү  башын, жашын  жана  ээсинин  фамилия  аты  жөнүн  каттап алууга  милдеттүү;

Ит жаныбарынын  ээси  төмөндөгүлөргө  милдеттүү;

— багып  жаткан ит  жаныбарын  байлап  алууга;

— багып  жаткан  жерди  таза  кармап , дезифекциялап  турууга ;

жылдын  ичинде  ветеринардык  адистин  талаптарына  жана  эрежелерине  ылайык  бир  жолу  чума  жана  кутурма  ооруларына  жана 4 жолу  эхинококкоз, альвекокоз ооруларына текшерүүгө  жана  ооруга  каршы  вакцинацияларды  жүргүзүүгө;

— багып  жаткан  ит  жана  мышык  жаныбары  өлүп  калганда  же ит  жаныбарынын  ээси багуудан  баш  тартканда Сары-Ой айыл өкмөтүнүн ветадисине тапшыруу  менен  жок кылууга  жана «Беккари» чуңкуруна  көмүүгө.

  1. Ит жаныбарын багуучулар  Сары-Ой  айыл  өкмөтүнөн  каттоо  жүргүзүүдө, паспорт алууда жана  кышкы  мезгилде  бош  кароосуз  жүргөн  иттерди  жок  кылуу  чыгымдарды толтуруу  үчүн  бир  жылда,бир  жолу 100 сом өлчөмүндө  акча  каражатын , Сары-Ой айыл  өкмөтүнүн  эсептик  счетуна  төлөйт.

Каттоодон өтпөгөн  жана  дарыланбаган  иттер  жок  кылынат

5.Багылып  жаткан  ит  тарабынан  адамдарга  жана  малдарга  зыян  келтирилген учурларда иттин  ээси  тарабынан  келтирилген  зыян  толтурулууга  милдеттүү.

                                             Уй, кой  жаныбарларын  багууда;

1.Жарандар  жана  башка юридикалык  жактар  менчигинин  түрүнө  карабастан  кой эчки, топоз, жылкы, төө  жана  уй  жаныбарын  багууда өтүп  жаткан  жылдын 1- мартына  чейин  Сары-Ой  айыл өкмөтүнөн  катоодон өтүү  менен  чарба  китепке катталууга милдетүү;

2.Каттоодон  өткөрүүдө  вет  адис тарабынан түзүлгөн актынан  негизинде, Сары-Ой айыл өкмөтүнүн  чарба китебине катталууга милдеттүү;

3.Уй жана кой малын багуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү;

— мал багып  жаткан  жерди таза кармап,дезифекциялап турууга ;

— уй малын бош көчөөгө кое берип, бак дарак жана айыл тургундарынын огороддоруна зыян келтирбөөгө;

— жылдын ичинде ветеринардык адистин талаптарына ылайык жугуштуу ооруларга каршы вакцинацияларды жүргүзүүгө;

— багып жаткан малдан өлсө  Сары-Ой айыл өкмөтүнүн вет адисине билдирүү менен «беккари» чуңкуруна көмүүгө.

— Уй жана кой жаныбарларын вакцинациялоо боюнча чыгымдарды төлөөгө.

4.Кароосуз бош жүргөн малдар, Сары-Ой айыл аймагындагы конторанын,клубдун, айланасындагы жайгашкан парктагы бак даракка жана айыл  тургундарына тиешелүү бак даракка, огороддогу түшүмдөргө зыян келтирсе Сары-Ой айыл өкмөтү тарабынан камакка алынышы керек, жана КРнын «администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кодексинин талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар көрүлүүсү керек.

  1. Мал кармаган жарандар ар бир жылдын 1- майынан 1-октябрына чейинки мөөнөттө алыскы  жайыттарда  жайыттар  планына ылайык көчүп конууга милдеттүү.

                                           Жоопкерчилик;

Учурдагы үй жаныбарларын багуу тууралуу эрежени бузуп,  малды эмдөө иштерин аткарбай малын бош кароосуз  кое берген  жана жайыт  планын бузган  жарандар  жана башка юридикалык  жактар, менчигинин  түрүнө  карабастан КРнын «администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кодексинин талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

 

Төрага:                                                                         М.Нааматбеков.

Добавить комментарий