Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХY сессиясынын ТОКТОМУ № ХХY/II

toktom-shapka

Сары-Ой  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңешинин

                                VI чакырылышынын  кезексиз  XХY сессиясынын

                                                   ТОКТОМУ   № ХХY/II

 12- май 2016-жыл                                                               Жылан-Арык  айылы.

 

Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министрлигинин “Зордук зомбулуктун алдын алуу” боюнча социалдык тапшырыктын алкагында “Элет айым”  Коомдук Бирикмесинин “Ар бир үйдө тынчтык жана бейпилдик” долбоорун ишке ашыруу боюнча Сары-Ой айылдык кеңешинин  № ХХY сессияcы 

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ар бир 8-үйдө ата-энесиз жакындарынын колунда багылып жаткан балдардын абалы дайыма көзөмөлгө алынсын

2.Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусунун кесепеттери боюнча түшүндүрүүлөр жүргүзүлсүн.

3.Жаш жубайлардын  нике күбөлүгүн үйлөнгөн күнү берүү көзөмөлгө алынсын

4.Айылдык молдолор ала качып келген кыздын макулдугусуз нике кыюу тыюу салынсын.

5.Чыр чатактардын чыгуусуна себепкер болгон ичкиликти кыскартуу боюнча тойлорду ичкиликсиз өткөрүү колго алынсын.

6.Айылдагы соода түйүндөрүнүн кызматкерлери тарабынан кечки саат 20:00 дон кийин 18 жашка толо элек балдарга спирт ичимдиктери сатылбасын.

7.Көзөмөлдөө жагы аялдар кеңеши,аксакалдар кеңеши,жаштар уюму,өкмөттүк эмес уюмдарга,ден соолук комитетине жолдонсун.  Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

Төрага:                                                                      М .Нааматбеков.

 Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарына,Нарын облустук юстиция башкармалыгына,И.Бектургановага,Соода түйүндөрүнө.

Добавить комментарий