Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII Чакырылышынын XXX сессиясынын ТОКТОМУ № XXX/ II, 17-ноябрь 2020-жыл

toktom-shapka

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

VII Чакырылышынын XXX  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № XXX/ II

 

17-ноябрь  2020-жыл                                                                      Жылан-Арык   айылы

 

№4057 Жылан-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын  резервдик

                курамына көрсөтүлгөн  талапкерлерди бекитүү  жөнүндө.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган  жана иштеген жерлериндеги шайлоочулардын чогулуштарынан, №4057 Жылан-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын  резервдик курамына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча сунушту талкуулап Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. №4057 Жылан-Арык участкалык шайлоо комиссиясынын курамынан өз арызы менен кетип ишин токтоткон комиссиянын мүчөлөрүнүн ордуна, жарандардын жашаган жана иштеген жерлериндеги чогулуштарынан комиссиянын мүчөлүгүнө талапкер катары көрсөтүлгөн Нарынбаева Бурулсун Абдылдаевна,Садыкова Канайым Бейшенбаевна, Акунова Кымбат Капаровна, Арызтанбек уулу Ислам комиссиянын резервдик курамына киргизилсин.
  2. Участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин документтерин мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык топтоп Нарын райондук аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Ой айыл аймагынынайылдык Кеңешинин маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү, коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо, социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

Төрага:                                                                     Б. Кошалиев.

______________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарына, айыл  өкмөтүнө, Нарын райондук аймактык шайлоо комиссиясына.

 

Добавить комментарий