Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин YII Чакырылышынын YI сессиясы ТОКТОМУ №Y/III

toktom-shapka

                                     (YII Чакырылышынын YI сессиясы)

                                               ТОКТОМУ №Y/III

25-февраль 2017-жыл                                                                                Жылан-Арык айылы.

        Пионер-Булак ИСКАКБнын 2016-жылдагы жүргүзгөн иши тууралуу.

Пионер-Булак  ИСКАКБнин 2016 жылдагы жүргүзгөн иши тууралуу М.Нааматбековдун билдирүүсүн угуп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезексиз  V сессиясы

 

                                              ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Пионер-Булак ИСКАКБсинин төрагасы М.Нааматбековдун билдирүүсүн эске алынсын.

2. Пионер-Булак ИСКАКБсинин төрагасы М.Нааматбековго төмөндөгүлөр милдеттендирилсин.

-айыл ичиндеги суу чорголорун толук иштетүүнү камсыздоо;

-таза сууга болгон карыздарды толук өндүрүүнү 2017-жылдын 1-мартына карата камсыз кылуу;

-суу чорголорунан чыккан сууну 1 суткада 4-5 саат чыгарууну колго алуу;

-үйүнө суу киргизген үй ээлеринен тарифке ылайык төлөмдөрдү жыйноо;

-үйүнө суу киргизген үй ээлеринин үйүнө алган суусунөлчөй турган счетчик коюу боюнча март айынан баштап ишти уюштуруу;

-суу керектөөчүлөр менен келишим түзүү;

-түзлгөн келишимге ылайык суу пайдалануучулар келишимди аткарбаган шартта, келишимде каралган шарттардыннегизинде өндүрүүнү колго алуу;

3.Токтомдун аткарылышына көзмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Султановага тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                 Б.Кошалиев.

Жөнөтүлсүн Иш кагаздарына ИСКАКБга

Добавить комментарий