Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин YI Чакырылышынын ХХХ сессиясы ТОКТОМУ №ХХХ/I

toktom-shapka

(YI  Чакырылышынын ХХХ сессиясы)

                                                  ТОКТОМУ №ХХХ/I

29-сентябрь   2016-жыл.                                                                         Жылан-Арык  айылы.

Сары-Ой  калктуу конуштарынын  чек  араларын  тактоо

                                                  жана бекитүү  жөнүндө

 

Нарын  райондук  мамлекеттик  администрациясынын 04.10.2012-жылдагы №211-б буйругунун  жана  Сары-Ой айыл  аймагынын айыл  өкмөтүнүн 26.07.2016-жылдагы №55-б буйруктарынын негизинде «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долбоорлоо  институтунун  Нарын  жерге  жайгаштыруу  экспедициясы тарабынан даярдалган  Сары-Ой айыл өкмөтүнүн  калктуу конуштарынын чек  араларын тактоо жана бекитүү  боюнча иш кагаздарын карап  чыгып айылдык Кеңештин сессиясы

 

                                              ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.“Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун Нарын жерге  жайгаштыруу  экспедициясы тарабынан  даярдалган  материалында Сары-Ой калктуу  конушунун  жалпы  аянты  66,3 га, Жылан-Арык конушунун  жалпы аянты  163,7 гектарды түзүп, калктуу  конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык  тактоодо  жазылган сызык  боюнча бекитилсин.(чек аралардын баяндамасы тиркелет).

2.Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институтунун  Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан  даярдалган  иатериалында Сары-Ой айыл аймагынын калктуу конуштарынын  жалпы  жер аянтын  аныктоо  жана  жерлерин инвентаризациялоо  жумуштары жазалган  материалдарына жана тиркемеге ылайык  бекитилсин.

3.Нарын  жерге  жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде  Нарын аймактык  жерге  жайгаштыруу жана кыймылсыз  мүлккө укуктарды  каттоо башкармасына жерди эсепке  алуу  иш  кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү  тапшырылсын.

4.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айыл  чарба,токой  чарба, суу чарба, жашылдандыруу көрктөндүрүү энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча  комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                М.Нааматбеков.    ________________________________________________________Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарына, “Кыргызмамжердолбоор”долбоорлоо  институтунун  Нарын жерге  жайгаштыруу экспедициясына

Добавить комментарий