Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясынын №IV-6 ТОКТОМУ

toktom-shapka

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын    IV  сессиясынын

№IV-6 ТОКТОМУ

  5-апрель 2013 -ж.                                                              Жылан-Арык айылы.

Жылан-Арык айылындагы дыйкан-фермерлердин айдоо аянттарына келтирилип жаткан зыяндарды кыскартуу жана айыл ичиндеги соода эрежелерин тартипке келтирүү жөнүндө

Айыл  аймагында жаз айларынан баштап күзгү түшүм жыйноо мезгилинечейинайрым айылды атуулдары тарабынан малдарын айдоо аянттарга киргизип мыйзам бузууларга жол берип келишет.Дыйкан фермерлер жаз келгенде жалпы жыйында талкууланып орто жайлоого көчүү,күзүндө кайра жайлоодон айылга көчүп келүү жөнүүндөгү жалпы чогулуштун токтомун дээрлик аткарбайт.Айрым дыйкан фермерлер мингенге ат,саап ичкенге уйларын алып калып айрым учурларда кароосуз коюп дыйкан фермерлердин айдоо аянттарына каптатып ийип зыян келтирген учурлар көп кездешет.Айыл ичиндеги соода кылган ишкерлер мыйзамга каршы, жашы жетпегендерге ичимдиктерди сатуу,соода эрежелерин бузуу менен соода кылган учурлар бар.

Жогорудагыларды белгилеп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.Жылан-Арык айылында жазга айдап себүү мезгилинен күзгү оруп жыйуу учуруна чейин айылдынайрым атуулдары тарабынан айдоо аянттарына мал киргизип олуттуу зыянга учуратып келгендигибелгиленсин.

2. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан айылдын калкына айдоо аянттарына корук уюштуруубоюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

3. Жаз айларынан күзгү оруп жыюу мезгилине чейин жарандар тарабынан мыйзам бузулуп малдарынкароосуз калтырып айдоо аянттарына зыян келтирсе,сода кылган ишкерлер сода эрежелерин бузупжашы жете элек уландарга ичкилик ичимдиктерин саткан учурлар кездешсе, КыргызРеспубликасынын

административдик жоопкерчилик жөнүнүдөгү мыйзамына ылайык

административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссия. Кыргыз Республиксынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү 92,185 жана 285 беренени жетекчиликке алуу менен жаза чараларын колдонушсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы маданият, саламаттыкты сактоо,элге билим берүү,коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо,социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

Сары-Ой айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:                  М.Нааматбеков

Комментирование запрещено