Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин YI Чакырылышынын ХХYIII сессиясы ТОКТОМУ №ХХYIII/III

toktom-shapka

YI Чакырылышынын ХХYIII сессиясы)

                                               ТОКТОМУ №ХХYIII/III

         Кыргыз  Республикасынын  коомчулукту  өнүктүрүү  инвестициялоо

       агентсвосунун (Арис) «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1»

       долбоорунун  алкагында  жайыт  пайдалануучулар биркмеси  аркылуу

       Жылан-Арык  айылында  курула турган  расколдун  курулушуна

       өздүк  салымга  төгүлө  турган акча каражатынын  суммасын бекитүү

       жөнүндө

 

Сары-Ой  айыл аймагынын  айылдык  кеңешинин YI чакырылышынын  кезексиз ХХYIII сессиясында  чыгып  сүйлөгөндөрдүн сунуш  пикирлерин эске алып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз  Республикасынын  коомчулукту  өнүктүрүү  инвестициялоо  агентсвосунун

(АРИС) «мал чарбасын өнүктүрүү-1 долбоорунун  жайыт  пайдалануучулар бирикмеси  аркылуу  жалпы наркы 144.6миң сом акча каражатына курулуучу расколго  жумушчу  күчү менен  26,5 миң  сомдун  жумушун  жасоо, накталай  акча менен 10.0 миң сом которуп берүү белгиленсин.

2.Айыл аймагында курула турган расколдун курулушуна 26,5 миң сомдун жумушун элдин күчү менен жасоо иштерин уюштуруу,накталай акча менен 10,0миң сом акча каражатын которуп берүү жайыт комитетинин жетекчилигине тапшырылысын.

3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Мандат экономикалык пландоо курулуш байланыш,айлана

чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                               М.Нааматбеков.

Жөнөтүлсүн: Иш кагаздарына,Жайыт комитетине.

Добавить комментарий