Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынынIV сессиясынын №IV-5 ТОКТОМУ

toktom-shapka

Сары-Ой айыл аймагынын айылдыкКеңешинин VI чакырылышынынIV  сессиясынын

 ТОКТОМУ №   IV / 5 

  5 — апрель    2013 -ж.                                                                  Жылан-Арык айылы.

Жылан-Арык айылындагы маалыматтык ресурстук борборунун инвентарларын Калыгул Жусупов атындагы Жылан-Арык орто мектебине өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо  Агентствосу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330 жарлыгы менен түзүлгөн.Сары-Ой айыл өкмөтүнө караштуу Жылан-Арык айылында  АРИС долбоору 2006жылдан2011жылга чейин иш жүргүзүп айылды туруктуу өнүктүрүүгө  колдоо көрсөтүп,социалдык-экономикалык

көйгөйлөрдү чечүүгө өз салымын  кошкон.Айылдагы маалымат борборунун ишин мындан ары  максаттуу   натыйжалуу иштетүү үчүн Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши

       ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жылан-Арык айылындагы иштеп жаткан маалымат борборуна тиешелүү  инвентарларды Жылан-Арыкайылындагы жаштар уюмуна өткөрүп  берүү жагы Жылан-Арык  айылындагы ЖИК комитетинин төрагасы   Д.Көлбаевге тапшырылсын

2. Маалымат борборунун инвентарларын тактап өткөзүп алып максатка  ылайыктуу иш жүргүзүү жагы  жаштар уюумунун төрагасы  Ы. Бектургановго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө маданият,саламаттыкты сактоо,элге  билим берүү, коомдук тартипти,мыйзамдуулукту сактоо,социалдык жактан   коргоо боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Сары-Ой айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:                                М.Нааматбеков

Комментирование запрещено