Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясынын №IV- 4 ТОКТОМУ

toktom-shapka

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  VI чакырылышынын   IV  сессиясынын

                                                             ТОКТОМУ №   IV / 4

 5-апрель 2013 -ж.                                                                         Жылан-Арык айылы.

 Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык

өнүгүүсүнүн стратегиялык планы

         Базар мамилелерине өтүү менен аймактардын өз алдынчалыгы өстү,ал эми борбор тараптын камкордугу кыскарды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бийликти жүргүзүүнүн башкы тоскоолдугу болуп өтө эле алсыз каржы базасы эсептелет.Айыл аймактарынын артыкча маселелери болуп программалардын жокутугу аймактык саясаттын жок экенин күбөлөйт.Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндө аймактык маселелерди ачык көрсөтүү,ресурстук камсыз кылуунун ыкмаларында аларды чечүүнүн жолдорун табуунун алкагында ким кайсы мөөнөттө тиешелүү жумуштарды аткара ала тургандыгы ачыкталганда гана программа аркылуу ишке ашырылат.

Айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуунун максаты Айыл өкмөтүнүн 2013-жылга чейин өнүктүрүүгө багытталган саясаты болуп саналат.Ал айыл өкмөтүнүн компетенциясында тургандардыгана эмес,айыл өкмөтүнүн баардык жашоочулары үчүн маанилүү болгон бардык маселелерди камтыйт.Ошондуктан стратегиялык өнүгүү программасын иштөөгө айылдык Кеңештин депутаттары,айыл өкмөтүнүн кызматкерлери,ӨЭУ,коомчулуктун бардык өкүлдөрү тартылды.

Жогорудагыларды   белгилеп  Сары-Ой  айыл  аймагынын  айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 1.Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-2015-жылдарга түзүлгөн

стратегиялык планы  бекитилсин

2. Стратегиялык пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Ой айыл

аймагынын айылдык Кеңешинин тиешелүү   туруктуу комиссияларына тапшырылсын

 Сары-Ой айыл аймагынын

Кеңешинин төрагасы:                                                                        М.Нааматбеков


Депутаттардын Сары-Ой  айылдык

КенешининVI чакырышылынын IV

 сессиясынын №IV /IVтоктомуна тиркеме

                                                                КИРИШҮҮ

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлиндеги стратегиялык пландаштыруу ЖӨБ жетекчилерине жана жарандарына жүрүп жаткан окуяларга кечигип чара көрбөстөн,өз аймагынын өнүгүү келечегин көрө билүүгө өз стратегиялык тандоосун акыл калчап ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.Стратегиялык пландаштыруу аймакты өүктүрүүнүн келечегин  аныктоого мүмкүнчүлүк берет,натыйжада жергиликтүү бийликтин жаңы образы,жергиликтүү деңгээлде башкаруунун жаңы аспабы жана технологиясы жаралат.

Социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын түзүү аймактардын артыкчылыктарына жана ресурстарына ылайык макулдашылган саясаттын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүкберет. Орто мөөнөттөгү пландаштыруу колдо бар ресурстарды үзүрлүү пайдаланууга,ошол эле учурда өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясынын алкагында артыкчылктуу милдеттерге өзгөчө басым жасоого жол ачат.Социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы айыл өкмөтүнүн бизнес планы болуп калуусу зарыл.

Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өнүгүү программасы төмөндөгү принциптерди жетекчиликке алат:

1.Реалдуу максаттарды жана аткарылуучу иш чараларды коюу

  1. Жамааттын баалулуктарын жана айрым бөлүктөрүн мисалы, балдар, майыптар, кары-картаңдар жана башкаларды аныктоо
  2. Ички ресурстарды мобилизациялоо
  3. Жергиликтүү калкты жигердүү чыгармачылыкка тартып,стратегияны ишке ашыруу учурунда калк жергиликтүү бийликтер,коомдук уюмдар,ишкердик түзүмдөр менен өнөктөштүккө тартылат

5.Стратегия жергиликтүү жамааттык мүчөлөрүнүн негизги күч аракеттерин аймак үчүн өтө келечектүү болгон өнүгүүнүн чечүүчү багыттарына топтоштурууну камсыздоо

Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги максаты баардык армактардын натыйжалуу иштөөсүн,келечекте айыл аймагынын экономикасынын стабилдүү өнүгүүсүн камсыз кылуу аркылуу айылдын аймагындагы калктын жакырчылыгын кыскартуу,социалдык абалын жакшыртуу:

— баардык тармактардын учурдагы ал абалына баа берүү;

— тармактардын өнүгүүсүндө кездешкен негизги проблемаларды аныктоо;

— тармактарды өнүктүрүүнүн артыкчылктуу багыттарын белгилөө жана өнүктүрүүнүн стратегиясын аныктоо;

Бул стратегиялык прорамма төмөндөгү кызматтарды аткара алат:

— жергиилктүү бийлик органдарына тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн багыт катары;

— артыкчылыктуу багыттарды инвестициялоо үчүн багыт катары;

— тармактардагы артыкчылыктуу багыттарды колдоо үчүн донордук уюмдарга жана инвесторлорго маалымат катары;

— жеке сектор үчүн бизнес чөйрөнү долбоорлоп,келечектүү жана натыйжалуу багыты кандай билүүчү камсыз кылуучу документ катары;

— аймактын калкына жана жалпы эле коомчулугуна мамлекеттин жана жергиликтүү бийлик органдарынын экономикалык саясатты жүргүзүүдөгү орду жөнүндө маалымат катары

  1. Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча жалпы маалыматтар

Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтү 1996-жылы Сары-Ой айылдык Кеңешинин базасында уюшулган. Жалпы аянты 102,0 км.кв. Деңиз деңгээлинен 1560 метр бийиктикте орун алган. Жакынкы темир жолго чейинки аралык 260 км. Айдоо жерлери типтүү ачык боз топурак басымдуулук кылат. Бул топурак төмөнкү гумустуулугу менен мүнөздөлөт. Айыл өкмөтүнүн жер аянттары шордуулугу менен айрмаланат.Айдоо аянттарынын көпчүлүгү Куланак магистралдык каналынын алдында жайгашкан. Климаты мелүүн континенталдуу. Орточо жылдык жаан-чачын 200-280 миллиметр. Жайы ысык,кышы мелүүн суук. Кыш мезгили ноябрдан апрельге чейин созулат. Кышкы эң суук мезгилде абанын температурасы 35-40 градусту,жайкы эң ысык мезгилде Ө 35 Ө37 градус ысык болот.

2013-жылдын 1-январына карата жалпы калкы 1192 адамды же 266 түтүндү түзөт. Айыл өкмөтүндө 1 орто билим берүүчү мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 1 почта бөлүмү, 1 маданият үйү, 1 китепкана бар.

Айыл өкмөтүнүн экономикасынын негизин айыл чарбасы түзөт.

  1. Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана алдыда турган кыйынчылыктарынын жалпы анализи.

2.1.Күчтүү жактары:

— айылдын аймагында ар бир жанга үлүшкө алган айдоо жеринин 0,80 ганы түзгөндүгү;

— жайыт жеринин жетиштүүлүгү

2.2. Алсыз жактары:

— географиялык климаттык шарттарынын оордугу;

— жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн чектелүүсү   (   % республикалык бюджеттен  дотацияда туруусу) ;

— ички инфраструктурасынын сапатынын начардыгы;

— жакырчылыктын деңгээлинин жогорулугу;

— өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатууда продукциялардын төмөн конкреттүүлүгү;

— айыл чарба жерлеринин сапатынын төмөндүгү;

— айыл чарба, жайыт жерлерин   натыйжасыз пайдаланылышы;

— айыл чарба техникаларынын эскириши жана санынын жетишсиздиги;

— айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө жер семирткичтердин тартыштыгы;

— малды асылдандыруу боюнча иштердин төмөндүгү;

— ветеринардык тейлөө иштеринин начардыгы;

— үрөн чарбаларынын жоктугу;

— сугат системасынын начардыгы;

— таза суу менен  айылдын калкынын толук камсыз болбогону;

— финасылык,кредиттик ресурстардын жетишсиздиги жана аларды алуунун жолдорунун татаалдыгы;

— социалдык обьектилердин абалынын начардыгы ( мектеп,бала бакча,клуб);

— маалымат (байланыштын сапатсыздыгы);

— ички жолдордун абалынын начардыгы;

— жакыр үй бүлөлөр жалпы калктын   30 % түзүүдө

2.3.Мүмкүнчүлүктөрү

— малдын асыл тукумдуулугун жакшыртуу менен эт,сүт,жүн багытындагы малдын санын көбөйтүү;

— үрөн чарбаларынын ишин жакшыртуу менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууга жетишүү жана дыйкан фермерлердин кирешесин жогорулатуу;

— ветеринардык сервистердин ишин жакшыртуу менен малдын сапаттуу продукцияларын өндүрүү;

— ирригациялык системаларды калыбына келтирүү менен айыл чарба жерлерин эффективдүү пайдалануу;

2.4. Коркунуч жактары

— табигый кырсыктардын болушу ( суу каптоолор ,кургакчылык) экономикалык чоң зыяндарга алып келиши ыктымал

— саясий дестабилдүүлүктүн болушу жалпы социалдык экономикалык абалды начарлатып алдыга коюлган максаттарга жетүүгө коркунуч жаратат;

— ветеринардык шарттар убагында сакталып аткарылбаса жугуштуу оорулардын саны өсүп,малдын көп санда өлүп кырылуусуна алып келет жана фермерлер чоң зыян тартышат:

— ар түрдүү мыйзамдардын кабыл алынышы жана мурунку мыйзамдардын жокко чыгарылышы же өзгөрүшү социалдык экономикалык тармактарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн;

— ар кандай радикалдуу диний секталардын жана агымдардын пайда болуусу;

— башкаруу органдарынын жана жетекчилеринин жоопкерсиздиги жана тура эмес иш алып баруусунун натыйжасында негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр терс көрсөткүчкө айланып,айрым тармактарга зыян алып келүүсү мүмкүн

  1. Экономика тармагы

3.1. Инвестиция тартуу боюнча аткарылып

Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык абалын жогрулатуу багытында 2005-жылдан бери жалпы 7150,000 миң сомдук жумуштар аткарылган.

жылдар Республикалык бюджет Эл аралык уюмдар Коомчулуктун салымы Башка булактар  жалпы
2005 25000
2006 3600000
2007 404000
2008 651000
2009 994000
2010 342000
2011 1134000 100000
2012

3.2. Агрардык сектор

Агрардык жана жер реформасынын натыйжасында Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калкына жер үлүштөрү,техника, мал бөлүштүрүлүп берилген. Айыл аймагында дээрлик жеке секторлор иш алып барышууда.

2013-жылы айыл аймагында жалпы жердин аянты______гектарды, анын ичинен айыл чарба жерлери ____________гектарды түзгөн.

Айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин курамы,көлөмү жана түзүлүшү

га.            түзүлүшү 
Айыл чарбасына жарактуу жерлер
Анын ичинен айдоо аянты 1276
Чөп чабынды
Мөмө жемиш бактары
жайыт 29743

Айыл чарба жерлеринин структурасында орчундуу ( % ) жайыттар ээлейт.

Айдоо аянттары болгону         % же ____________гектарды түзөт.

Малдын түрү                       көрсөкүчтөр 
2009 2010 2011 2012 2013

Малдын башы:

1 Ири мүйүздүү мал 837 887 794 663 665
а.и. уйлар 408 429 395 349 340
Кой,эчки 3980 4407 9388 9993
а.и. тубары
жылкы
а.и. тубары
үй канаттуулары

Мал чарба продукцияларын өндүрүү:

Продукциянын аталышы  2008 2009 2010 2011 2012
1 Эт (тн) 31,2 31,4 31,4 30,0 32,2
2 Сүт (тн) 86,9 87,0 87,05 76,00 79,8
3 Жүн (тн) 9,0 9,2 9,7 3,3 9,3
4 Жумуртка (миң даана) 43890 44000 45672 38615 39961

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү:

өсүмдүктүн түрлөрү         2008     2009       2010       2011       2012
га ц/га га ц/га га ц/га га ц/га га ц/га
Дан эгини 317 5730 287 5556 186 2456 190 3344 200 2482
картошка 6 840 6 834 6 930 2 960 11 1223
жашылча 2 227 2 228 2 210 2 210 3 263

Мал чарбасы айыл өкмөтүндөгү негизги тармак. Айыл өкмөтүнүн жаратылыштык климаттык шарты жана жайыттардын кеңири болушу кой чарбасын өнүктүрүүгө абдан ылайыктуу шарт түзөт. Айыл чарба жерлеринин структурасында жайыттар 28 % же  29743 гектар.

Айыл чарба жерлеринин структурасында орчундуу орунду ( % )    жайыттар ээлейт.

Айдоо аянттары болгону  28  % же  29743 гектарды түзөт.

Мал чарбасы айыл өкмөтүнүн аймагы үчүн эң маанилүү тармак. Аймактын жаратылыштык-климаттык шарты жана жайыттардын кеңири болушу кой чарбасын өстүрүүгө абдан ылайыктуу шарт түзөт.

Айыл өкмөтүнүн аймагында койдун башы 2008-жылга караганда 2012-жылы_______ башка көбөйгөн, ал эми уй мене жылкынын башы кыскарып кеткен.Мал чарбасынын өнүкпөй жаткандыгынын себеби,мал багуу түйшүктүү болуп, мал чарба продукцияларынын кайра иштетүүчү ишканалар жок болгондугуна байланыштуу өндүргөн продукциялар чийкилей арзан баада сатылып өндүрүүгө кеткен чыгымдар өзүн өзү актабай келет.

Айыл аймагында бүгүнкү күндө  301 дыйкан чарбасы бар. Айыл өкмөтүнүн аймагында 1276 га суу баскан аянт , мунун ичинен 138 гектар жер аянты кайра бөлүштүрүү фондунун жери. Айылдагы жер аянттарын сугат суулары менен камсыз кылуу Куланак насостук станцияларынан келген суу менен камсыздалат Куланак насостук станциясы эскиргендигинин натыйжасында алгачкы долбоордогу өндүрүмдүүлүгүнөн көп төмөндөп кеткен. Азыркы учурда гидротехникалык курууларга капиталдык ремонттор жана электро-механикалык жабдуулар талап кылынууда.Айыл ичиндеги кналдардын суу өткөрүүчүлүк мүмкүнчүлүгү аз болгондуктан сугат суулары абдан жетишсиз болууда. Куланак каналын насостук станция менен эмес жер каналы менен суу аккыдай кылуу долбоору бир нече жылдан бери сунуш кылынып келе жатат,эгерде долбоор мамлекет тарабынан колдоо тапса дагы кошумча 500 гектар жерди өздөштүрүгө болот.

3.2.1. Айыл өкмөтүндөгү агрардык сектордун өнүгүшүндөгү негизги маселелер.

Айыл өкмөтүндөгү дыйкан фермерлердин ишин жүргүзүүдө төмөндөгүдөй кемчиликтер барэкендиги аныкталды:

— дыйканчылык тармагындагы кемчиликтер;

— айыл чарба продукцияларын өткөрүү жана кайра иштетүү маселелери;

— мал чарба тармагындагы кемчиликтер;

— жалпы мүнөздөгү кемчиликтер;

Дыйканчылык тармагындагы чечилбеген  маселелер:

— которушутуруп айдоону сактабагандык;

— өсүмдүктөрдү өстүрүүдө агротехникалык эрежелерди сактабагандык;

— минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү сактоочу каражаттар менен жетишсиз камсыз болуусу;

— сапаттуу үрөндөр менен жетишсиз камсыз болуусу;

— техникалык кызмат көрсөтүүлөрдүн начардыгы жана дыйкандар үчүн кымбатка туруусу;

— сугат сууларынын тартыштыгы;

— күйүүчү, майлоочу майлардын,запстык бөлүктөрдүн,жер семирткичтердин,өсүмдүктөрдү сактоочу каражаттардын бааларынын жогору болушу;

Мал чарба тармагындагы маселелер:

— тоюттун сапатынын начардыгы;

— жайыттарды рационалдуу пайдалана албагандык;

— асыл тукумдуу малдар менен жетишсиз камсыз болу;

— ветеринардык кызматтын начар өнүгүүсү;

— ветпрепараттардын кымбаттыгы.

Жалпы мүнөздөгү чечилбеген маселелер:

— укуктук билимдин жетишсиздиги;

— айыл чарба техникаларынын жетишсиздиги жана кымбаттыгы;

— климаттык шарттын оордугу;

— кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу;

өндүрүлгөн продукциянын сапатынын төмөн жана атаандашууга жөндөмсүздүгү;

— айыл чарба продукцияларынын сатууу баасынын төмөндүгү;

— айыл калкынын кредит менен начар камсыз болушу;

— кооперативдин жоктугу;

— өздүк айлануу каражаттарынын өндүрүштү каржылоого жетишсиздиги

3.2.2. Агрардык сектордун өнүгүшүнүн максаттары жана маселелери.

Айыл өкмөтүндө айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү негизги максаттар:

— фермер (дыйкан) чарбаларын материалдык-техникалык жактан чыңдоо;

— ветеринардык кызматты жакшыртуу;

— товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү майлоочу майлар ,запастык бөлүктөр, жер семирткичтер, отоо чөптөргө каршы ууландыруучу каражаттар менен камсыз кылууну жакшыртуу;

— айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн агротехникалык эрежелерин сактоо сапаттуу үрөндөрдү колдонуу;

— жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу;

— инвестицияларды тартууга жагымдуу шарттарды түзүү;

— жерди которушутуруп айдоону колдонуу;

— сугат системасын калыбына келтирүү менен суу пайдалануу системасын жакшыртуу;

— кооперативдерди түзүүгө өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү

  1. Транспорт,курулуш жана коммуникация

4.1.Ички жана жашылдандыруу көрктөндүрүү, автожолдор иштерин жакшыртуу.

Айыл ичиндеги жолдордун бүгүнкү күндөгү абалы талапка жооп бербейт. Нарын Баетов жолунан бурулуп Жылан-Арык айылына келе турган жолдун узундугу 4,5 кмди түзөт. 1990-жылдарда 2,5 км аралыгына асфальт төшөлгөн. Жолдорду сактоо үчүн жыл сайын төмөндөгүдөй иш алып бару зарыл. Ички жолдорго жылына 1,5  км аралыкка шагыл төгүү, жолду оңдоону ички булактардан пландоо жана донорлор аркылуу иш алып баруу.

Жылан-Арык айылындагы Жылан-Арык көчөсүнө, Ооз бөлүмчөсүндөгү А.Өмүралиев,К.Кошалиев көчөлөрүнө шагыл төгүп,көчөгө жарыктарды коюу. Ооз участкасындагы эки көчөгө көпүрө салуу.

4.2. Ичүүчү сунуу керектөөчүлөрдү камсыз кылуу багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштер.

Жылан-Арык айылында Таза-Суу долбоору аркылуу курулган суу түтүктөрү иштейт. ИСКАКБнын ишин алып бару «Пионер-Булак» коомдук бирикменин ишин жандандырып сууга болгон тарифти ай сайын так өндүрүүнү колго алуу,жана чогулган каражатка суу түтүктөрүн өз учурунда оңдоо.30 түтүн эл жайгашкан ооз участкасын, инвестиция тартып Таза суу долбооруна киргизүү.Бүгүнкү күндө ооз участкасында электро насос  аркылуу суу сордурулуп малдарын сугарганча пайдаланып келишет. Ошол электро насостун ордуна  күн энергиясы аркылуу суу соргон насосту орнотуу.

4.3. Телефондук байланыш жана электр энергиясы менен калкты камсыз кылуу жана аларга болгон төлөмдөрдүн өз мөөнөтүндө төлөө жагын камсыздоо.

Айылдын аймагында жалпы электр линиялары орнотулган жана калкка кызмат кылууда, Бирок айыл ичиндеги трансформаторлордун  баардыгы оңдоону талап кылат.Ак-Талаа РЭТ менен биргеликте оңдоо иштерин жүзөгө ашыруу,Айыл өкмөтү боюнча жалпы 24 абонент бар. Электр энергиясына болгон карыздын өнбөй калышы,айыл өкмөтүнүн электр энергиясы боюнча Ак-Талаа райондук РЭТ тейлейт.Айыл өкмөтү Нарын районуна карагандыктан калктын электр энергиясы менен эсептешүүсү бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ошондуктан келечекте электр энергиясы боюнча тейлөөнү Нарын районуна каратуу маселесин чечүү. Бүгүнкү күндө айылдын тургундары Мегаком,Билайн байланыш түйүндөрү аркылуу байланышып турушат,байланыштын сапаты абдан начар.Келечекте аталган байланыш түйүндөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшүп байланыштын сапатын жакшыртуу.

4.4. Техсервис уюштуруу иштерин жүзөгө ашыруу.

Айыл өкмөтүндөгү дыйкан фермерлердин колундагы техникаларды,дыйкан фермерлердин жазгы айдоо,тырмоо жана күзгү оруп жыйноо иштерин толук кандуу тейлей албайт жана техникалардын мөөнөтү абдан эскирип өндүрүмдүүлүгү төмөндөп кеткен.Ошол себептүү айыл аймагына кошумча айыл чарба техникаларын көп жылдык лизинг формасында дыйкан фермерлерди камсыз кылуу зарылчылыгы бар. Бул үчүн жылына жаңы 2ден кем эмес айыл чарба техникасы талап кылынат.

  1. Социалдык тармак.

5.1. Билим берүү системасы

Айылдын аймагында 1 мектеп, 1 бала бакча жайгашкан.К.Жусупов атындагы орто мектепте 30 мугалим эмгектенет, мунун ичинен 6 мугалим окуну жаңы бүтүп келген адистер. 2009-жылы бир мугалим,2011-жылы бир мугалим «Жаш мугалимдердин депозити» конкурсун утушкан. Окуучулардын саны 2009-жылы 290

2010-жылы  254,  2011-жылы  236, 2012-жылы 246 болгон. Мекиепке алынып келинген китептердин саны 2012-жылы 421 даана.

Башталгыч класстардагы ысык тамак менен камсыз болгон окуучулардын саны 2009-жылы 91 окуучу,2010-жылы 98 окуучу,2011-жылы 97 окуучу,2012-жылы 96 окуучу болгон,чыгымдалган акча каражатынын суммасы 136 000 мин сом болгон.

Мектептин ремонтуна кеткен акча каражаттарынын саны  2009-жылы 22,8 миң сом, 2010-жылы 18,0 миң сом,2011-жылы 24,7 миң сом,2012-жылы 20,1 миң сомду түзгөн. К.Жусупов атындагы орто мектепке 2009-жылы 311,0 миң сом,2011-жылы 263,8 миң сом акча каражаты тартылган.

Бала бакчага 2010-2011-жылдагы 410,0 миң сом акча каражаты тартылган.

Бала бакчада тарбияланган балдардын саны 25 , тарбиячынын саны 2.

5.2. Билим берүү системасындагы негизги көйгөйлөр:

— айыл аймагындагы мектепте билим берүүнү өркүндөтүү,мектепке чейинки билим берүү тармагына көңүл бөлүү;

— мектепте окуу китептеринин жетишсиздиги

мектепте окуу китептери менен окуучулардын камсыз болуусу 75%ти түзөт

— мектептин,бала бакчанын финансылык абалын чыңдоо,мектепти компьютерлештирүү, ал аркылуу эл аралык билим мейкиндигине кирүү.

— айыл өкмөтүнүн бюджетинде айылда кароо сынактарды, спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн акча каражаты каралбайт, иш чараларды өткөрүдө алардын катышуучуларына стимул болбогондуктан алардын кызыкчылыгы да төмөн.

— мектепте окуу китептери,окуу эмеректери,окуучулар жана мугалимдер үчүн стол,стул жетишпейт.

5.3. Билим берүү системасынын максаттары жана маселелери.

Жогорудагы маселелерди чечүүнүн бирден бир жолу түз инвестицияларды тартуу, АӨБ,БДБ,Ага-Хан фондунун долбоорлору аркылуу оңдоолорду жүргүзүү. Түрткү берүүчү грант аркылуу жана башка демөөрчүлөрдүн эсебинен каптиалдык ремонт жана курулуш иштерин жүргүзүүнү колго алуу.

5.4. Калкты маданий жактан тейлөө тармагы

Айылдын калкын маданий жактан тейлөөдө айылда 1 айылдык клуб,1 айылдык китепкана иштейт.

5.4.1. Калкты маданий жактан тейлөөдөгү негизги көйгөйлөр:

— айылдык клубду капиталдык ремонттон өткөрүү;

-айылдык клубка керектүү инвентарлардын,музыкалык аспаптар,улуттук кийимдер,театралдык креслолор жетишсиз;

— маданият тармагындагы реформага ыңгайлашууга жөндөмдүү кадрдын жоктугу.

5.4.2. Айыл калкын маданият жактан тейлөөнүн негизги максаты маданий иштерди жакшыртуу менен калктын маданй очокко келүүсүн жакшыртуу. Ошондой эле коомдук уюмдар менен демөөрчүлөр менен иштешип гранттарды тартып ишти колго алуу.

  1. Саламаттыкты сактоо тармагы.

6.1. Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча маалымат

Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 1 ФАП иштейт. 2013-жылдын 1-январына карата 1336 адамды кабыл алган.ФОМС тарабынан 8716 сомду түзгөн дары дармектер рецепт менен берилген.2013-жылга эненин төрөт учурунда өлүмү катталган эмес. Кенже балдардын өлүм көрсөткүчү 1,2%ти түздү. Менчик аптека 1. ФАПтын ремонту 2009-жылы жасалган.

6.1.2. Саламаттык сактоо тармагындагы негизги  чечилбей келаткан маселелер:

— жогорку билимдүү медициналык кадрдын жетишсиздигинен;

— калкты дары-дармектер менен камсыз кыла турган аптекалардын айыл ичинде жоктугу;

— айылда атайын ФАП үчүн курулган имарттын жоктугу;

— айыл өкмөтүнө ФАПтын имаратын куруу.

6.2. Калкты социалдык жактан тейлөө тармагы.

Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 183  жакыр үй бүлөө же 12 жөлөкпул алуучуларга жлөк пул чектелген мунун ичинен 3 жашка чейинки балдар 7 бала жана керектелүүчү сумма 272,5 миң сомду түзөт.Социалдык жөлөк пул алуучулар 24 адам керектелүүчү сумма 820,8 миң сом,01.01.2013-жылга карызы жок.01.01.2013-жылга карата 183 аз камсыз болгон үй бүлөө. 01.01.2013-жылга салыштырмалуу 13-үй бүлөөгө көп ал эми жөлөкпул алуучулардын саны өскөн эмес.Пенсионерлердин жалпы саны 2013-жылга карата 88 адам, бир айга керектелүүчү акча каражаты 349,5, пенсиянын орточо өлчөмү 3971 сомду түздү.


Депутаттардын Сары-Ой  айылдык

Кенешинин VI чакырышылынын IV

сессиясынын №IV /IVтоктомуна тиркеме

Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2013-2015-жылдарга карата социалдык экономикалык өнүктүрүү боюнча иш чаралардын планы

tirkeme2

Комментирование запрещено