Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XY сессиясынын ТОКТОМУ № XY/1

toktom-shapka

             Сары-Ой айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин

VI чакырылышынын XY  сессиясы

 

30 -декабрь . 2014-жыл                                                      Жылан-Арык айылы.                                                                                  

                                          ТОКТОМ № XY/1

Кара-Тагай СПАсынын 2014-жылдын

декабрына  карата аткарган иштери    

тууралуу

Кара-Тагай СПАсы түзүлгөндөн бери өздөрүнүн уставына ылайык  иш жүргүзүүдө.Кара -Тагай СПАсы тейлеген лоток каналдары, суу топтоочу жайлары1980-жылдары курулган.Азыркы убакта алар аябай жаман абалда турат, пайдалануу мөөнөтү бүткөн. Жылыга жаз мезгилинде лоток каналдар ашар жолу менен оңдоодон өткөрүлөт.Үстүбүздөгү жылы аба ырайынын кургакчылдыгына байланыштуу көп кыйынчылыктар болуп ,дыйкандарга сугат суусунун жетишсиздиги  байкалды,натыйжасында  айыл чарба өсүмдүктөрүнүн  түшүмдүүлүгү аз болду. Суу пайдалануучулардын нааразычылыгына  байланыштуу  сууга болгон тариф акысын өз мөөнөтүндө өңдүрүүгө мүмкүн болгон жок.Жогорудагыларды белгилеп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Кара-Тагай СПАсынын 2014-жылдын декабрына карата аткарып жаткан ишинде кемчиликтерге жол берилип жаткандыгы белгиленсин.

2.Кара-Тагай СПАсынын төрагасы Т.Жумалиевге төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:-2015-жылдын 1-январына карата 2014-жылдагы  сугатка төлөнүүчү төлөмдөрдү өндүрүүнү толук бүткөрүү;

-Кара-Тагай СПАсынын бухгалтердик эсеп жүргүзүү боюнча иштерин көзөмөлгө алуу;

— сугат маалына чейин,дыйкандар өз күчү менен оңдой турган жерлерди тактап канча чыгым кетет анализ жасоо;

-2015-жылга карата бюджетин долбоорун даярдап бекиттирүү;

-акыйкат суу бөлүштүрүү  жана  туруктуу суу бөлүштүрүү боюнча иш чаралардын мерчемин иштеп чыгуу;

-фермерлердин ролун жогорулатуу аркылуу маселелерди чечүүдө фермерлердин өзүлөрүнө жүктөп,жоопкерчилигин  көтөрүү;

-суу пайдалануучулардын  өкүлчүлүктөрүн шайлоо менен башкарууну жолго коюу;

-ар бир суу пайдалануучу менен жаңы жылга карата структураны тактоо;

-суу пайдалануучулар менен  келишимди сапаттуу түзгөнгө жетишүү;

Сары-Ой айыл аймагынын

айылдык Кеңешинин төрагасы:                             М.Нааматбеков

Комментирование запрещено