Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIII сессиясынын №XIII/2 токтому

toktom-shapka

(VI чакырылышынын ХIII сессиясы )

                                               ТОКТОМ № ХIII/II

18-август   2014-жыл                                                           Жылан-Арык айылы.

Сары-Ой айыл  аймагынын  айыл өкмөтүндөгү К,Жусупов атындагы Жылан-Арык  орто  мектебинин жаңы окуу жылына  карата  даярдыгы  жөнүндө

2013-2014-жылы  К. Жусупов атындагы  Жылан-Арык  орто мектебинде  209  окуучу билим  алып,алардын ичинен  14 окуучу 11-классты, 15 окуучу 9 классты  бүтүрдү.

209 окуучунун ичинен  58 окуучу эң жакшы деген  баалар мене аяктап Калыгул Жусуповдун окуунун алдыңкыларына  уюштурган стипендиясына  жана мектептин

мактоо баракчаларына  татыктуу болушкан.9-класстын  окуучусу  Бекболот кызы

окуудагы жетишкендиги  үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын

башчысынын стипендиясына татыктуу болгон.Быйылкы окуу жылынын жыйынтыгында, 11-класстын окуучулары жалпы республикалык  тестирлөөгө катышышып,булардын ичинен эң жогорку 139 баллды Абдыгул кызы Адилай алган. 2013-2014-жылдагы окуу жылында окууга тартылбаган окуусуна жетише албаган окуучу болгон эмес.2014-2015-жылдарга карата оңдоо иштери акча каражатынын жетишинче жүргүзүлгөн.Кышка карата  от жагыла турган контромаркалар даярдалды.Мектептин окуу куралдары менен камсыз болушу 74% түзөт.Окуу куралдарынын ичинен 4-класстын баардык китептери,7-класстын кыргыз адабияты,8-класстын кыргыз тил китеби жетишпейт.Төрт класстын парталарынын эскилиги жеткен.Компьютер менен камсыз болгон эмес. Окуучулардын компьтер  менен иштөөсүнө шарт таптакыр жок.

Орто билим алган бүтүрүүчү бир жыйынтыкка келип,кийинки турмуш жолунда өз кесибин тандап алууда ишенимдүү  кадам таштай алышы керек.Кайсы окуу жайга барбасын  даярдыгы  талапка жооп  бергендей  болушу зарыл.Мектепте окутуу  тарбия системасында  окуучунун өзүнө өзү ишенимдүүлүгүн  жогорулатууга басым   жасалышы бүгүнкү күндүн  талабы. Ата-энелер билимдүү баланы тарбиялап берүүнү талап кылып жатат.Жогорудагыдай жетишпесттиктерден улам ата-энелердин талабын аткаруу мүмкүнчүлүгү чектелүү.

Жогорудагыларды белгилеп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы 

                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Сары-ой  айыл аймагынын  айыл  өкмөтүндөгү  К.Жусупов  атындагы  Жылан-Арык орто  мектебинин  жаңы  окуу  жылына карата даярдыгы жөнүндөгү  мектептин директору  С.Жээналиевдин билдирүүсү  эске алынсын.

2.Жаңы окуу жылына карата даярдыкты толук бүткөрүп окуучулардын тереңбилималуусун уюштуруу Сары-Ой айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  башчысы (Ч.Жакыпов )К.Жусупов атындагы Жылан-Арык  орто мектебинин  директору  (С,Жээналиев) тапшырылсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин саламаттыкты сактоо,

билим берүү, коомдук  тартипти мыйзамдуулукту сактоо, социалдык жактан коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 Сары-Ой  айыл  аймагынын  айылдык

Кеңешинин  төрагасы:                                                                         М,Нааматбеков

Комментирование запрещено