Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XIII сессиясынын №XIII/1 токтому

toktom-shapka

(VI чакырылышынын ХIIIсессиясы )

                                               ТОКТОМ № ХIII/I

18-август   2014-жыл                                                  Жылан-Арык айылы.

Сары-Ой айыл  аймагынын  айыл өкмөтүнүн  2014-жылдын  1-жарым жылдыгында аткарган       

                                              иши жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 6 бөлүмүнүн 3 пункутунда айыл өкмөтү айыл Кеңешинин  депутаттарына, берилген мамлекеттик ыйгарым  укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берип турат деп көрсөтүлгөн. Айыл аймагынын айыл өкмөтүндө негизинен киреше берүүчү тармак мал чарбачылыгы ,талаачылык болгондуктан айыл өкмөтүнүн иши ушул багытарда жүргүзүлгөн.2014-жылдын жазгы  айдап себүү  жумуштарына карата Нарын райондук мамлекеттик  администрациясынын  21-январындагы №05-б  буйругун жетекчиликке алып,2014-жылдын жазгы айдап себүү жана оруп жыюу өнөктүктөрүн башка айыл чарба жумуштарын уюшкандыкта өз убагында жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүндө штаб түзүлгөн.2014-жылдын айдап себүү жумуштарына карата  айыл чарба өсүмдүктөрүн жайгаштыруунун структурасы дыйкан фермерлер менен такталып план түзүлүп, айдап себүү өнөктүгүгнө катышуучу  техникалардын ээлери менен сүйлөшүлүп кезектеги оңдоодон өткөрүлүп, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 27.02.2014-жылдагы №21-б буйругунда көрсөтүлгөн графикке ылайык  кароого тизилген.Айыл чарба өсүмдүктөрүн жайгаштырууну жүзөгө ашыруу максатында 95 гектар жерге буудай, 70 гектарга  жерге арпа, 10 гектар жерге картошка,5 гектарга жашылча айдалган.

Айыл өкмөтүнүн аймагында  2014-жылдын 1-январына карата ири мүйүздүү мал 609 баш,кой эчки 9465 баш, жылкы 436 баш, үй канаттулар821 баш чарба китепке катталган.Айылдагы ветсервистин кызматкерлери тарабынан малдын жугуштуу ооруларын алдын алуу үчүн эмдөө иштери жүргүзүлгөн.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жетекчилигинин жайыт пайдалануучуларга түшүндүрүү иштеринин натыйжасында алыскы жайытты пайдалануу максатында малчылар Арпа жайлоосуна көчүрүлдү.Нарын райондук  агрардык  өнүктүрүү башкармасынын башчысы Н,Карыбеков, айыл банктын башчысы К.Арисовдун катышуусунда эл менен жыйын өтүп жыйында кредит алуунун шарттары боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында  төлөө мүмкүнчүлүгү бар дыйкан фермерлер жеңилдетилген кредит алышты. Айыл аймагында  айыл өкмөтүнүнүн соц кызматкери тарабынан ар бир үй-бүлөөнүн жашоо шарты боюнча иликтөө жүргүзүлүп соц паспорт толтурулган. Иликтөөнүн жыйынтыгына ылайык өтө жакыр үй-бүлөө 28,жакыр үй-бүлөө 49, жакырга жакын үй-бүлөө 76 экени аныкталган

Айылдын эли БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык -түлүк программасы «эмгек үчүн азык –түлүк» долбоорунун алкагында иш алып барылып иштеген эмгек акысына 70адам 211254кг ун, 2178литр суу май алган.Инвестиция  тартуу багытында 2014-жылга карата долбоорло уюмдарына 3 долбоор сунушталган,мунун ичинен айылдагы суу топтоочу бассейнди, ТХ-1 каналынын ремонтту, К.Жусупов атындагы орто мектептин үстүнкү чатырын алмашуу,спорт  зал куруу боюнча долбоорлор киргизилген.Бүгүнкү күндө суу топтоочу бассейнди ТХ-1 каналынын долбоору жактырылып,тендер өтүп 2,4млн сом суммасында жумуш башталуунун алдында турат.2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында салык боюнча 214,9 миң сомго пландаштырылса 181,6миң сомго өндүрүлүп 84,5% аткарылган.

Жогорудагыдай алгылыктуу иштер менен катар элэ ишти уюштурууда кемчиликтерге да жол берилген.Жылдын кургакчыл болуп сугат суусуна болгон талаптын көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Кара-Тагай  СПАсынын кызматкерлери ишти уюштурууда олуттуу  кемчиликтерге жол берип дыйкан фермерлердин нааразычылыгы көбөйүүдө.Кайра бөлүштүрүү фондусунун жеринен ижарага алган атуулдар, тиешелүү аренда акысын өз учурунда төкпөй кечигип, кепишимдин талаптарын аткарбай келишүүдө.

  Жогорудагыларды белгилеп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши

                                                          ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 1.Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жакыповдун билдирүүсү  эске     алынсын.

Сары-ой айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                  М.Нааматбеков

Комментирование запрещено