Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XII сессиясынын №XII/1 токтому

toktom-shapka

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин VI чакырылышынын XIIсессиясы

30 июнь . 2014-жыл                                                                  Жылан-Арык айылы

                                          ТОКТОМ № XII/1

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2012-жылдагы YI             чакырылышынан  бери жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө

 

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешининтөрагасы М.Нааматбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт:

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши өзүнүн  ишин Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын жана мыйзамдарынын чегинде жүргүзүп келген. Өткөн бир жарым жылдын аралыгында 11 сессия регламентке ылайык өткөрүлүп турган. Каралган маселелердин башкы багыты айылда жашаган калк үчүн маанилүү болуп эсептелип алардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин өркүндөтүү максатында мамлекеттик бийлик органдары жана коомдук уюмдар менен байланыштары чыңдалып, бир катар жергиликтүү маанидеги иштер бүткөрүлгөн.Жүргүзүлүп жаткан  иштер менен  катар айрым кемчиликтердин кетирилип жаткандыгын жашырууга болбойт. Депутаттарыбыз өз шайлоочулары менен жолугушууларды өз деңгээлинде өткөрүп,алардын суроо талаптарын аткарууга жетишээрлик деңгээлде көңүл буруусу талап кылынат.

Жогорудагыларды белгилеп , Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы

 ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы М.Нааматбековдун  билдирүүсү эске алынсын.

2. Айылдык Кеңештин депутаттары,айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери сессияларда кабыл алынган токтомдордун жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөлдүктү күчөтүшсүн.

3.Элдин суроо талаптарын,муктаждыктарын талдап үйрөнүүдө,калкты социалдык жактан коргоодо айылдык Кеңештин депутаттарынын иш алып баруусу активдештирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.

Айылдык Кеңештин төрагасы:                                                   М.Нааматбеков.

Комментирование запрещено