Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясынын №XI/3 токтому

toktom-shapka

(VI чакырылышынын XIсессиясы )

                                          ТОКТОМ № XI/3

26.03.  2014-жыл                                                                      Жылан-Арык айылы.

 Алкогол ичимдиктерин, пиво, тамеки саткан  соода түйүндөрүнө  айрым бир чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн аймагында калктын  коопсуздугун камсыз  кылуу, кылмыштуулуктун

Алдын алуу максатында Кыргыз Републикасынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 31 беренесинин 15 пунктун жетекчиликке алып Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессисы

                                        ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөтүнүн аймагында калктын коопсуздугун камсыз кылуу,кылмыштуулуктун алдын алуу максатында алкогол ичимдиктерин пиво, тамекини эртең мененки саат 9-00 го чейин, кечкисин  саат 6-00дөн кийин соода түйүндөрүнө сатууга тыюу салынсын.

2.Жашы жетпегендерге алкоголдук ичимдиктерин.пиво, тамеки саткан соода түйүндөрүнүн ээлерине Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине ылайык айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссия тарабынан айып салынаары эскертилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин маданият,саламаттык сактоо,билим берүү, коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо, социалдык жактан коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.   

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                      М.Нааматбеков

Комментирование запрещено