Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XI сессиясынын №XI/1 токтому

toktom-shapka

(VI чакырылышынын XI сессиясы )

                                          ТОКТОМ № XI/1

26.03.  2014-жыл                                                                 Жылан-Арык айылы.

 Сары-Ой айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн аймагында иш жүргүзүшкөн Кара-Тагай   СПАсынын, Пионер-булак  ичүүчү сууну керектөөчүлөрүнүн, жайыт комитетинин алпарып жаткан иштери жана 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Кара-Тагай СПАсынын, Пионер-Булак ИСКАКБсынын, жайыт комитетинин кызматкерлери  тарабынан  калкты тейлөөдө  бир катар уюштуруу чаралары көрүлгөн.Жогорудагыдай көрүлгөн чаралар менен катар эле олуттуу  кемчиликтерге жол берилген. Жогорудагы кемчиликтерди эске алып айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Кара-Тагай СПАсынын, Пионер-Булак ИСКАКБсынын, жайыт комитетинин  төрагалары А.Жунушалиевдин, Ж.Жээналиевдин, Т.Жумалиевдин  билдирүүлөрү эске алынсын.

2. Кара-Тагай СПАсынын, Пионер-Булак ИСКАКБсынын, жайыт комитетинин  2014-жылга карата  сунуш  кылынган  бюжеттери  бекитилсин.тиркеме тиркелет.

3.Кызмат көрсөтүүдөн  чогулган  акча каражатын  сметанын  негизинде чыгымдоо жагы СПАнын, ИСКАКБнын, жайыт комитетинин  төрагаларына, бухгалтерлерине тапшырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жакыповга тапшырылсын.

Айылдык Кеңештин төрагасы:                                                      М.Нааматбеков.

Комментирование запрещено