Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын VI CЕССИЯСЫ № VI/1 ТОКТОМУ

toktom-shapka

(VI чакырылышынын VI сессиясы )

                                          ТОКТОМ № VI/I

27-ноябрь 2013-жыл                                                  Жылан-Арык айылы.

Сары-Ой айыл  аймагынын  айыл өкмөтүнүн         1-жарым  жылдыкта  аткарган  иши жөнүндө

 Кыргыз республикасынын  Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 6 бөлүмүнүн 3 пункутунда Айыл өкмөтү айыл Кеңешинин  депутаттарына,а берилген мамлекеттик ыйгарым  укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берип турат деп көрсөтүлгөн. Айыл аймагынын айыл өкмөтүндө негизинен киреше берүүчү тармак мал чарбачылыгы ,талаачылык болгондуктан айыл өкмөтүнүн иши ушул багытарда жүрггүзүлгөн. Дан  эгиндери буудай,арпа өткөн жылдарга салыштырмалуу аз айдалган. Мал чарбачылыгы боюнча дыйкан-фермерлерге  жайытты жакшы пайдалануу малдын асылдуулугуна карата иштерди жүргүзүү боюнча бей өкмөт уюмдар менен биргеликте иштер жүргүзүлгөн. 2013-жылдын жазгы айдап себүү иштерине карата айыл өкмөтүнүн буйругу чыгып тиешелүү кызматкерлерге ишти уюштуруу боюнча тапшырмалар берилген. Дыйкан-фермерлер үлүшкө алган жерлериндеги арыктарын тазалап  жазгы айдап  себүүгө карата ишти уюшкандыкта алып  барышкан. Ишти уюшкандыкта алпаруунун натыйжасында  үзтүбүздөгү жылы дан  эгиндеринин түшүмү жылдагыга салыштырмалуу көп болду. Мал чарбачылыгында жайытты сарамжалдуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштеринин  жүргүзүлгөнүнө  карабай жайыт комитетинин  жетекчилиги тарабынан  алгылыктуу иш алпарылган жок.Алыскы арпа жайлоосу пайдаланылбай калды.Жайыт белеттери  жайыт пайдалануучуларга берилген эмес. Малдын санын тактап жайыт акысын,  жайыттын салыгын өндүрүүдө ишке болгон кош көңүл мамиле орун алууда. Талаачылыкта иш жүргүзүүдө техникалардын  жаңыланбай эски бойдон калышы ишти уюштурууда өз кедергизин тийгизүүдө.

Жогорудагыларды белгилеп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши

                                                          ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Султаналиевдин билдрүүсү эске     алынсын.

Сары-ой айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                  М.Нааматбеков.


Депутаттардын Сары-Ой айылдык

Кеңешинин (VI чакырылышын)

V сессиясынын № V/II токтомуна      

 тиркеме

 Сары-Ой айыл аймагынын   айылдык   Кеңешинин 2013-жылдын II-жарым жылдыгы үчүн

                                                           ИШ ПЛАНЫ:

                      Каралуучу маселелер  Даярдоого жооптуулар
1                                         2                          3
III-квартвл
1 Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  II- кварталда жүргүзгөн иши жөнүндө Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  ФЭБ К.Султанова
2 Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын  1-январынакарата атайын каражаттын эсебинде калган 2,9миң сом акча каражатын  чыгымдоо жөнүндө Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  ФЭБ К.Султанова
3 Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана климаттын өзгөрүүлөрүнө байланышкан маселелерди чечүү боюнча Сары-Ой айыл аймагынын адаптациялык  планы. Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адиси К.Исаева.
   
IY-квартал
1 Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндөгү мыйзамын аткаруу боюнча алып барып жаткан иши жөнүндө. Сары-ой айыл өкмөтүнүн

бөлүм башчысы К.Султанова.

2  «Кара-Тагай» СПАсынын жүргүзүп жаткан иши жөнүндө  Айыл өкмөтүнүнүн кызматкери  К.Исаева.

Депутаттардын Сары-Ой  айылдык  

Кеңешинин жооптуу катчысы:                                                                  Б.Өмүралиев

Комментирование запрещено