Сары-Ой айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII- сессиясынын ТОКТОМУ VII/ II Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл башынан кирешенин калдыгынан калган акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.

IMG_20220706_141612

Сары-Ой айылдык Кеңешинин

VIII чакырылышынын кезексиз VII- сессиясынын

 

ТОКТОМУ VII/ II

 

2022-жылдын 14-апрели                                                            Жылан-Арык айылы

 

Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл башынан кирешенин калдыгынан калган акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

      Сары-Ой айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Сары-Ой айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 2 768 150(эки миллион жети жүз алтымыш сегиз миң бир жүз элүү)сомду түзгөн.

Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылындагы К.Жусупов атындагы орто мектебинин айланасын тосуу жана мектептин алдына бурсчатка төшөөгө долбоорго өздүк салым катары 719 719(жети жүз он тогуз миң жети жүз он тогуз)сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

  1. Бөлүнгөн акча каражатын өз максатында пайдалануу жагын КР мыйзамдар чегинде Сары-Ой айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Султановага милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                        Р.Нуркалый уулу


 

Добавить комментарий